2-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Географиялык аталыштарды тартипке салыш үчүн Кыргыз ССР Жогорку кеңеши 1939-жылдын бул күнү республиканын Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Комиссия уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе шаардык комитети 1939-жылдын бул күнү, репрессия маалында коммунисттик партия катарынан чыгарылган 14 жооптуу кызматкердин партия мүчөлүгүн калыбына келтирди.
Пишпек уезддик большевиктик партия комитети 1919- жылдын 2-июлунда шаардык эмгекчил интеллигенция өкүлдөрүнө чакырык менен кайрылды. Уезддик партия комитетинин чакырыгында: “Бейтарапсыздыктын көшөгөсүн ачып, пролетариатка кол сунуп, маданий жана билим берүү багытында жардам берүүнүн маалы келди. Силер деле өз акылыңарды белгилүү бир акыга саткан пролетарийсиңер, ошондуктан жумушчу тапка жардамдашууга милдеттүүсүңөр”, -деп айтылат. Мындан тышкары, большевиктер “ким биз менен болбосо, алар бизге каршы”, -деп эскертишкен.

Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирлиги 1929-жылдын 2-июлунда борбордун көркүн эле эмес, аброюн бузган шаардык базардагы “мас катарды” талкалоо туурасында чечим чыгарды. Базардагы “мас катарда” арзан самагон сатылып, ал мамлекеттик продукциялардын өтүшүнө кедерге эле келтирбестен, аны колдонгон кардарлардын катарын улам суюлтуп турган. Чечимге ылыйык шаардык милиция самагон саткандарды эле эмес, базарга кирген-чыккандарды текшерүүгө укук алган. Мас абалында кармалган адамдар туурасында маалымат шаардык гезит беттерине “аларды бардыгыңар билгиле!”, -деген рубрика менен чыгарыла баштаган.

Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе шаардык комитети 1939-жылдын бу күнү, репрессия маалында коммунистик партия катарынан чыгарылган 14 жооптуу кызматкердин партия мүчөлүгүн калыбына келтирди. Сталиндик кызыл террордон кутулган жооптуу партиялык кызматкерлердин арасында “Ала Тоо” кинотеатрынын директору, “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редактору, Кыргыз ССР ички иштер министринин жардамчысы сыяктуу адамдар болгон.

Географиялык аталыштарды тартипке салыш үчүн Кыргыз ССР Жогорку кеңеши 1939-жылдын бу күнү республиканын Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Комиссия уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Өкмөттүк географиялык комиссияны Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Гопко жетектеп, республикадагы жер аталыштарынын туура жазылышына Шүкүров, Үмөталиев сыяктуу комиссия мүчөлөрү салым кошушкан.