КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ СПОРТКО АНЧА МААНИ БЕРБЕЙТ

Бүгүн 2-июлда 1924-жылы Парижде уюшулган Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) күнүн бүткүл дуйнө жүзүндөгү спорт коомчулугу белгилешет. Кыргызстан эгемен мамлекет болгону AIPSке 1995- жылдан бери анык мүчө.
Совет доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит, журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип,бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынган эмес. Ошондой эле жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү, учурдагы факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей, же атайын курстарды уюштурууга көңүл бурулбай келүүдө.

1991- жылы жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет «Байге» аттуу кыргыз жана орус тилинде чыккан спорттук гезитти жетекчилер колдоого албагандыктан бир жылдан кийин жабылган. Былтыр жарык көргөн «Спортивный Кыргызстан» гезитинин деле абалы дурус эмес. Анда санда жарык көргөнү менен спорт коомчулугунун көңүлүн буралбай келет.

1995- жылы түзүлгөн өлкөнүн спорт журналисттер федерациясы коомдук бирикме болгондуктан бул тармактын көйгөлөрүн чечүүгө кудурети жетпей келүүдө.

Ошондой болсо дагы эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарда көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.

Спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер өз демилгелери менен бул тармактын жүгүн алына жараша көтөрүп келатышат.

«Агым» гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде маалымат каражаттары саясатка басым жасап, элдин ден соолугуна өбөлгө болгон спорт темасына дале ат үстүнөн мамиле кылынууда. Спрот журналисттери үчүн мелдеш учурунда иштөөгө шарт жок.

Улуттук телерадио компаниянын спорт бөлүмүнүн башчысы Кубан Атабековдун айтымында спорт тармагындагы кризис, көйгөйлөр журналистикага да таасирин тийгизүүдө. Учурда кыргыз тилинде чыккан спорттук гезит же журнал жок. Спорт журналистикасынын өнүгүшүнө спорт жетекчилери дагы кызыгдар эмес.

Өлкөнүн спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен Койташ эс алуу комплексинде спорт журналисттери арасында кичи футбол мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар берилди.