Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 2-июлда Ысыккөл жана Нарын облустарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен желаргы жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33 градус.
Чүйдө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34 градус.
Ош, Жалалабат, Баткен аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +28...+33 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +31...+33 градус.