АКШ-ОРУСИЯ САММИТИНЕ КМШ КЫЗЫГУУ МЕНЕН КӨЗ САЛЫП ТУРАТ

Төрөкул Дооров, Прага АКШ менен Орусиянын президенттери жолугушканда, бүтүн дүйнө анын жүрүшүнө көңүл бурат. Эки президенттин сүйлөшүлөрүнө, эң оболу, постсоветтик аймакта кызыгуу күч, анткени дал ушул регионго ал жолугушуулардын таасири жогору болуп келген. Жорж Буш менен Владимир Путин 1-2-июлда көрүшмөкчү. Буга карата мурдагы СССРге караган өлкөлөрдө эмне кеп бар?
“Орусия чүчкүрсө, анын суугу коңшуларына тийет” дечү эле. Эми Орусия менен АКШ бирге чүчкүрсө эмне болот?

АКШнын президенти Ж.Буш 1-2-июль күндөрү орус кесиптеши В.Путинди Мэн штатындагы атасынын резиденциясында тосуп алат. Бул жолу алар бейформал эле жолугушушат. Болгондо да Буштун ата-энесинин кооз жердеги жайкы тамында көрүшөрүн көпчүлүк азыр АКШ-Орусия алакалары “кансыз согуштагыдай” абалга жетип калган учурда, абалды жөнгө салууга болгон аракет катары баалап жатат.

Эки президент Косовонун соңку статусунан тарта, ракетадан коргонуучу системаны Европада орнотууга чейинки өтө кеңири алкактагы маселелерди карашмакчы.

Президенттер эмне жөнүндө сүйлөшпөсүн, баары бир алардын жолугушуусуна постсоветтик аймакта авторитардык Беларустан тарта, мунайга бай Азербайжан, Батышка ыктап бараткан Грузияга чейинки бүт эле жумурияттар кызыгуу менен кулак түрүп олтурушат. Бул регион үчүн Буш менен Путиндин жолугушуулары дайыма чоң таасир калтырып келгендиктен, бул жолу да алар саммитке көңүл кош мамиле кыла алышпайт. Грузияда, мисалы, АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелерде кандай гана позитивдүү өзгөрүүлөр болбосун, адамдар кичине кооптонуу менен кабыл алышат.

- Бул эки өлкө ортосунда карама-каршылык же чыңалуу болушу биз үчүн жакшы эмес, анткени кичинекей өлкөлөр согуш майданында калышы эч жакшылыкка алып келбейт. Бизде ага туруштук бере тургандай саясий күчүбүз да, аскерий ресурстарыбыз да жок. Бирок алар өтө эле жакшы дос болуп кетиши да бизди кубандыра бербейт. Өзүбүздүн жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттин алыш-бериши күчөсө, биздин кызыкчылыктарга көңүл бурбай калышат. Биз үчүн эң эле жакшысы – бул эки держава өтө достошуп да кетпей, өтө касташып да кетпегени. Кичинекей бизге окшогон өлкөлөр үчүн өз саясатыбызды эркинирээк жүргүзгөнгө бул мүкүнчүлүк түзөт, - деди Тбилисидеги Эларалык окуулар үчүн грузиялык кордун президенти Александер Рондели.

Ал эми нейтралдуураак саясат жүргүзгөнгө аракет кылган айрым башка мамлекеттер болсо Орусия менен АКШнын мамилеси канчалык жакшы өнүксө, ошончолук бизге да пайдалуу деп эсептешет. Мисалы, Грузиянын жанындагы Армения менен Азербайжан Тбилисинин пикирине кошулушпайт.

Орто Азиядагы мамлекеттер болсо Москвадан да, Вашингтондон да мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда көргөнгө кызыкдар.

Мэттью Клементс - “Жейндин маалымат тобу” уюмунун расмий өкүлү. “АКШ-Орусия алакалары начарласа, бул регионго да кесепети сөзсүз тийет”, - дейт ал.

- Орусия Кошмо Штаттарга утуру басым жасап, Кыргызстандагы америкалык базаны чыгарууга жана Американын регионго болгон таасирин азайтууга аракет кылып жаткандай. Андан сырткары, Америка бул мамлекеттерге көрсөтө ала турган коопсуздук жана өнүгүү долбоорлору боюнча жардамдын да көлөмүн кичирейтүүгө далалат кылып турат. Азыр борбор азиялык жумурияттар көп-тараптуу саясатка өтүп, сырттан кандай мамлекет болбосун, баарынан мүмкүн болушунча көбүрөөк колдоо алып калганга аракеттенишүүдө. Эми бул токтотула тургандай.

Авторитардык Беларуста болсо аналитиктер президент Александр Лукашенконун позициясы бир жактуу эмес экенин айтышат. Расмий билдирүүлөрүндө Лукашенко Кремлдин Батышка жана АКШга карата кандай пикирди айтпасын, колдомуш болот. Бирок, ошол эле учурда, беларус президенти жана анын жактоочулары Орусия менен АКШ бири-бирине карама-каршы болуп турганы гана аларга пайдалуу экенин түшүнүшөт дешет.