11:50 Парламент “Таза суу” программасы боюнча токтом кабыл алды

Токтом боюнча президентке Коопсуздук кеңешинде 2008-жылды “Таза суу жылы” деп жарыялоо сунушу берилди. Өкмөткө “Таза суу” программасын ишке ашырууну тездетүү, айыл жерин таза суу менен камсыз кылууга тиешелүү каражаттар менен камсыздоо милдети коюлду.
Мындан тышкары аталган программа боюнча козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарууну тездетүү Башкы прокуратурага тапшырылды.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Сооронбай Жээнбековдун маалыматы боюнча “Таза суу” программасынын кийинки каржылоо бөлүгү 2008-жылы болот. Бул жолу Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эларалык валюта Фонду жанат Британ өкмөтүнүн жардам берүү программасынын алкагында дагы 70 млн сом “Таза суу” долбоорун ишке ашыруу үчүн алынат.