Авиакомпания “Airbus Industri” консорциуму менен А 320-200 улгусундогу алты аэробус учактарын сатып алуу тууралуу макулдашты. Алгачкы төрт учак Өзбекстанга 2011-жылы, калган экөө андан кийинки жылы берилет. Учурда «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы дүйнөнүн 40тан ашуун шаарына өз каттамдарын жүргүзүүдө.