26-июнь күнү дүйнөлүк кыйноолорго каршы күн белгиленди. Анын ичинде Бишкекте Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Баш прокуратуранын алдында пикеттер өттү. Бул акциянын уюштуруучусу “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова менен түз эфирде маек курдук.
- Аталган объектилерди эмне үчүн тандап алдыңар?
- Биз кечээ төрт объектиде болдук. Биринчи ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы. Негизги кыйноолорду колдонгон объектилер катары алынды. Биз аларга кыйноолорду болтурбоону жана кызматташуу менен кыйноолорго каршы биргелешип иштешели деген чакырык менен бардык. Ал эми Жогорку Кеңештин алдына болсо биз кыйноолорго каршы конвенциянын факультативдик протоколун ратификациядан өткөрүп берүү өтүнүчү менен бардык. Ал эми Баш прокуратурага ошол мыйзамдарды көзөмөлгө алуучу орган катары, кыйноолорду токтотууга жардамдашууну, ошондой эле кыйноолорду жасагандарга карата жоопкерчиликти суранып бардык.
- Акциянын жыйынтыгына токтолсоңуз, кандай кабыл алышты?
- Кечээ кыйноолорго каршы күнгө карата бир нече акция болду. Алардын бири пикет, жөө жүрүш болду. Экинчиси брощюра, буклеттерди таркаттык. Үчүнчүсү атайын БУУнун үйүндө тегерек үстөл өткөрүлдү, ал жерде бардык структуранын - Баш прокуратуранын, ИИМдин, Жогорку соттун өкүлдөрү катышты. Ал жерде конструкутивдүү жакшы сөз болуп, аягында биргелешкен резолюция кабыл алдык. Анда негизинен эки өтүнүч болуп, Жогорку Кеңештин спикери Марат Султановдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын наамына кайрылуу болду. Биринчиси, кыйноолорго каршы конвенциянын факультативдик протоколун ратификацилоо, экинчиси конвенциянын 22-беренсенин аркасы менен Кыргызстандын жарандарынын комитетке кайрылуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Баарынан жакшысы тегерек үстөлдун катышуучулары, эл аралык уюмдун, элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулар жана күч структуранын, президенттин администарциясынын өкүлдөрү ошол резолюцияга чогуу-чаран кол койдук. Демек бул Кыргызстанда бир гана жарандык уюмдун өкүлдөрү эмес, күч структуралары, бийлик өкүлдөрү дагы кыйноолорго негизинен каршы экенин билдирди. Аягында жыйынтыгына биз абдан ыраазы болдук.
- Кыйноонун курмандыктары катыштыбы?
- Кыйноонун курмандыгы болгон жарандардын туугандары жана өздөрү да катышты.
- Маегиңизге ырахмат.