ШКУ САММИТИНИН МААНИЛҮҮ БАСКЫЧЫ

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өткөнү жатат. Жыйынга катышуу үчүн кечээ Кыргызстанга Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстандын коргоо министрлери жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары келишти.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Бишкек жолугушуусуна Кыргызстан күтүлүп жаткан Бишкек саммитине даярдыктын маанилүү баскычы катары карап жатат. Мындай билдирүүнү кечээ министрлер менен жолугушууда президент Курманбек Бакиевдин атынан президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов жасады. Министрлер жыйынында негизинен аскерий машыгууларга байланышкан маселелер талкууга алынары күтүлүүдө. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматкери Текинбаева Айсулуунун айтымында жыйында үч маселе каралганы турат:

- Биргелешкен аскерий машыгуу жөнүндөгү маселени карап, ШКУ мүчө мамлекет министрлеринин ортосунда макулдашууга кол коюлары болжолдонууда. Мындан тышкары коргоо министрлери «Тынчтык миссиясы 2007» машыгуу демилгесин талкуулаганы жатышат.

Күн тартибин маанилүү деп эсептеген байкоочулар мурда көмүскөдө келаткан аскерий кызматташтык бара-бара ШКУ алкагында артыкчылыктуу багытка айланыш ыктымалдыгын белгилеп жатышат. Мындай пикирин «Азаттыкка» саясат таануучу Орозбек Молдалиев билдирди:

- Бизде жалаң эле экономикалык кызматташтык, коопсуздук, сепаратизмге каршы күрөш деген шылтоо болгону менен, ушундай контакттар кийинки кездери көбөйүп атат. Макулдашуу жок экенине карабай биргелешкен машыгуулар өткөрүлүп жүрөт. Ушуларга караганда, бул багыттагы кызматташтыкка байланышкан бир келишим пайда болот го деген ой туулат.

Бирок экс-депутат Алишер Абдумомуновдун көз карашында, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна аскери эле эмес, экономикалык да, саясий да, коопсуздук жагынан да өзгөчө чоң күч болуп берүүгө каруусу жетпейт:

- Аскерий жагынан дагы, саясий жагынан дагы, экономикалык жагынан дагы тийиштүү жардам берип, өзгөртүүгө таасир бере албайбыз. Бир гана саясий жагынан колдоп, кубаттап, бир мүчө катары ага жардам бергенден башка бизде мүмкүнчүлүк жок.

Аскерий өңүттө Кыргызстан менен кызматташтыкты күчөтүүгө Батыш менен ымалалаш Орусияга караганда ириде Кытай кызыкдар деп эсептеген саясат таануучу Орозбек Молдалиев муну Американын аба-аскерий базасы менен байланыштырат:

- Көп тынчсызданбагандай турганы менен, Кытай бул маселеге абдан тынчсызданат, коопсузданат. Себеби, Цзиньзяндагы процесстер бар. Базадан ары 300 эле чакырым калып атпайбы. Анын үстүнө мындан үч-төрт жыл мурда Американын Авакс учактарын «Манаска» коелу деген сөздөр чыгып, америкалыктар анткен жокпуз деп, биздин чоңдор аны сунуш кылды деп, анан маселе токтоп калбады беле?

Анткен менен, августта өтөрү күтүлүп жаткан ШКУ саммитинин күн тартибинде Кыргызстандагы америкалык аба-аскерий күчтөрү тууралуу маселе жок. Бирок, талдоочулар бул маселе көшөгө артында, Астана саммитинин чечимдерине байланыштырылып, козголушу толук ыктымал дешет. Алишер Абдумомуновдун көз карашында мындай жагдайда Кыргызстанда так көз караш болуп, кызматташтыкты бардык чоң мамлекеттер менен бирдей деңгээлде жүргүзүүгө ынтызар болушу керек:

- Кыргызстандын өзүнүн ою болушу керек. Ганси, маселен, 1996-жылы талиптер бу жерге келип, орустар чегара кайтарбай кетип калганда керек эле, американын наны керек эле. Эми орустар кайра келип, кытайлар келип калганда Американын кереги жок деген болбойт. Бизге орустар да, америкалыктар да, кытайлар да, кошуна казактар менен өзбектер да керек. Ошондой саясат жүргүзүшүбүз керек.