Жалалабат облусунда отузга жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. 945 миңден ашык калкы бар облустун 22-27-пайызын өзбектер менен 9-10 пайызын орустар түзөт. Анткени менен алардын өкүлдөрү бийлик уюмдарында саналуу, орус жана өзбек мектептери адистерге муктаж. Өзбек мектептеринде 25-30 жыл мурда чыккан китептер менен Өзбекстандын саясатын даңазалаган китептер окутулат. Өзбек мектептери китептер менен 10 пайыз камсыз болгон. Бирок, губернатордун өзбек орунбасары мындай маалыматтар менен макул эмес.
Облуста элдин саны жагынан кыргыздардан кийин өзбектер менен орустар турат. Өзбектер облус калкынын 22-27 пайызын түзөт. Бийлик уюмдарында алардын өкүлдөрү саналуу. Жалалабат шаарындагы №2-орто мектептин ата-энелер комитетинин мүчөсү менен журналист Абдымомун Мамараимовдун баасы боюнча кадр саясатынан тышкары билим берүү тармагында да өзбектерге тиешелүү өксүк-кемчиликтер арбын. Анткени, өзбек мектептеринде алиге чейин 25-30 жыл мурда чыккан жана Өзбек Республикасынын саясатын даңазалаган китептер окутулат. Сүрөөнчүлөрдүн көмөгү менен Ош шаарындагы өзбек китептери менен камсыз кылуу борбору чыгарган китептердин натыйжасында мектептер китептер менен 10 пайыз жабдылган. Бирок китептер мектеп мугалимдери тарабынан даярдалгандыктан сапаты талапка жооп бербейт. Сот, прокуратура жана ички иштер уюмдарында да өзбек улутунун өкүлдөрү аз:
- Бийлик органдарында өзбек улутунун өкүлдөрү аз. Ал китептер 20-30 жыл мурун совет доорунда чыккан китептер. Алар менен кантип окусун. Өзбекстандан чыккан китептер да бар. Китепти ачсаң Каримовдун сүрөтү, же Өзбекстандын желеги, гимни турат. Биздин балдарыбыз Кыргызстанда жашап аткандан кийин, Кыргызстан жөнүндө окуш керек да.
Өзбек тил жана адабияты мугалимдери өлкө эгемендикке жеткенден бери Жалалабат университетинде даярдалганы менен өзбек мектептерине алар жана кыргыз тил мугалимдери жетишпейт. Өзбек жамааты он жылдан бери козгоп келаткан облуста өзбек драма театрын ачуу маселеси да орундалган жок. “Жалалабат таңы” жана “Дидаар” аттуу өзбек тилиндеги гезиттер апта сайын жарык көргөнү менен адистердин жетишсиздигинен облустук сыналгынын өзбек тилиндеги берүүлөрү 2-3 жыл мурда токтоп калган:
- Мугалимдер жетишпейт. Бир мугалим бири-бирине туура келбеген сабактардан окутат. Жаңы кадрларды даярдаганга мүмкүнчүлүк болбой атат. Себеби окуу жайлар абдан аз.
Облуста орус улутуна тиешелүү да өксүктөр көп, жумуштун аздыгынан жана турмуштун начардыгынан алардын түпкү мекенине көчүп кетүүлөрү токтой элек. Учурда облуста 11 миң орус киши жашайт. Алар иш табалбай кыйналышат. Облустагы “Славян” диспорасынын өкүлү Лидия Линдоренконун болжолунда бийлик уюмдары көп улуттун өкүлдөрү катышкан маданий иш-чара, жыйындарды аз калктуу улуттар үчүн көргөн камкордук катары баалашат:
- Иш жок, айлык акы аз. Иш табылганы менен ал эч кимди канаттандыра бербейт. Иш табылса да айлык акысы төмөн иштерге алышат.
Облустагы өзбек мектептери 10 пайыз эмес, 70-72 пайыз китеп менен камсыздалган. Губернатордун бир орунбасары, Жалалабат шаар кеңешинин төрагасы, Жогорку Кеңештин облустан шайланган эки депутаты жана тогуз айыл өкмөттүн башчысы өзбек улутунан экендиги –кадр саясатында жылыштар болуп жатканын айгинелейт.
Губернатордун орунбасары, улуту өзбек Айбек Акбаровдун баамында балдарга ысык тамак берилип, мектептер курулуп, ата-энелерден мектеп салыктарынан бошотулушу- өзбек улутуна да көрүлгөн камкордуктардын бири. Ал мисал иретинде министрдин орунбасары жана министр кызматтарында иштеп жаткан өзбек улутунун өкүлдөрүн кошумчалады. Анын баамында облуста өзбек театры ачылса, артыкбаш болбойт болчу:
- Окуу куралдарын жеткирип бериш орус кыргыз мектептерине 70-72 пайызды түзүп атат. Мурдагыга караганда азыр кадр саясаты жакшы жолго салынып калды. Өзбектерден министрлер, орунбасарлар бар. Кадр саясаты дагы жолго түшөт деген ойдомун.