Ысыккөл мейманканасында башталган бул иш чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жаш лидерлери катышууда. Вице премьер-министр Досбол Нур уулу Жайкы демократия мектебинин ачылышында сөз сүйлөп, бул жерге региондун активдүү жаштары чогулганын жана алар өз ара достукту чыңдоого мүмкүнчүлүк алганын белгиледи. Демократия мектеби Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, өкмөттүк уюмдар тарабынан колдоого алынган. Анда жаштар саясат, экономика жана башка маселелер боюнча талкуу жүргүзүшөт. (AiT)