ОБЛУС-РАЙОНДОРДУ ЖОЮУ СУНУШУНА ЖАЛАЛАБАТТА ТЫНЧСЫЗДАНУУ ЧОҢ

  • Ырысбай Абдыраимов
Эки баскычтуу бюджетке өтүп, облус-райондорду жоюнун оң да, терс да жактары бар. Айыл өкмөттөрү социалдык-экономикалык маселелерди өз алдынча чечүүгө алсыз. Облустагы расмий бийликтердин мындай бүтүмү менен айыл өкмөттөрдүн жана саясий партиялардын өкүлдөрү макул эмес. Жергиликтүү депутаттар казынан кайда жумшалганы тууралу айыл өкмөттөр элге эсеп берип турушун кааласа, саясий партиялар административдик-аймактык реформанын зарылдыгын, андан коомчулук бюрократтык мекемелер менен чиновниктерден азаярын белгилешет.
Айыл өкмөттөр учурда эки баскычтуу бюджет менен иштеп аткан учуру. Коомчулуктун айыл өкмөттөргө ишеними бекемделиши үчүн айыл өкмөтү ачык-айкын иштеп, казынанын кайдан куралып, болгон каражаттары эмнеге жумшалганы тууралу убагында элге эсеп берип турганы оңдуу. Сузак районундагы Кызылтуу айыл Кеңешинин депутаты жана аталган өкмөттүн өкүлү Турдукан Наримбетова коомчулук да айыл өкмөттүн ишине көз салып турушун каалайт:

- Бүгүнкү күндө бюджет боюнча маалымат жок. Мурдагыдай эле өкмөттү шайлап койдук, өкмөт багат деп отурушат. Эл менен айыл өкмөтүнүн, айыл Кеңешинин бири-бирине ишенимин туудурат, байланыш жакшырат. Акча кайдан келип, кайда кеткенин билгенден кийин контордогуларга ишеним пайда болот дагы, ортодогу иш жакшырат.

Облус-райондор мурда старегиялык мааниси бар үчүн кыйла эмгек менен түзүлгөн. Аларды жоюудан оңой нерсе жок, бирок облус-райондордогу мүлк-байлыктар менчиктештирүү маалында таланып кеткен кыймылсыз мүлктөр сыяктуу жоголуп кетет деп кепилдик берер адам жок. Айыл өкмөттөрүнүн баары эле саясий-коомдук, социалдык-экономикалык, коргонуу-коопсуздук маселесин чечүүгө жарактуу эмес.

Облустук бийликтин ушундай көз караштагы бөлүм башчысы Кадырбек Бечеловдун болжолунда облус-райондорду жоюу маселесин козгоп жаткандар борбордук бийликти алсыратып, өлкөнү будуң-чаңга салып, мамлекетти ыдыратууну көздөшүүдө. Республика демократиялык маанайга ык койгон соң, облус райондорду жоюу үчүн адегенде Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирүү керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндө кокус облус-райондор жоюлса, облустагы ал бийликтерде иштеген миңден ашык кызматкердин тагдыры эмне болот деген чочулоолор да жок эмес:

- Жоюп жибергенде анын бүт структурасы жоюлат, финансылык каржылоолору жоголот, колдо бар мүлк тарап кетет. Каналдарды, жолдорду, чегараларды координациялап, бири-бири менен байланыштарды жасап турбаса, эртең айыл өкмөттөрү бири-бирине кире албай калат деген маселе чыкпайт деп ким кепилдик бере алат.

Өзүн өзү башкаруу тармагын реформалоо башкаруунун жаңы ыкмаларын пайда кылат, каражаттарды ыксыз пайдалануудан сактап, мамлекеттик кызматкерлердин саны азайып, бюрократтык мекеме-уюмдар кыскарат. Ансыз деле жергиликтүү бийликтерде биринин ишин экинчиси кайталаган кызматтар арбын.

Оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин жогоркудай ою боюнча облус-райондорду жоёр алдында ага кызыкдар кызматтар аны кылдат талкуулагандан кийин чогуу бир чечимге келүүсү керек. Облустук, райондук бийликтерди жоюу менен облустардагы тармактык кызматтарды сактап калуу абзел:

- Анткени бири-бирин кайталабайт, бюджетке дагы бир топ жеңилдиктер болот. Азыр облустук, райондук уюмдар, кала берсе айылдык өкмөттүн деңгээлинде өзүнүн салык инсепкциялары, башка бөлүмдөр бар. Алар бири-бирин кайталап атат.