Бул иш-чараны маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги 26-июнь баңгизаттарга каршы Эл аралык күрөш күндү утурлай өткөрдү. Ысыккөлдөгү К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттеги талкууда жаштар аймактагы баңгичилик менен күрөшүү жаатында сунуштарын айтышты жана соңунда резолюция кабыл алынды. Ошондой эле, “Маңзаттарга жок!” деген ураан алдында окуучулар жана студенттер арасында уюштурулган сүрөттөрдүн сынагы жыйынтыкталып, баңгичилик проблемасын чагылдырган “Жалгыздыктын тозогу” аттуу спектакль көрсөтүлдү. (EBM)