9:56 Жогорку Кеңеш депутат Султан Урманаевге байланыштуу комиссия түздү

Анын курамына ар бир фракциядан жана көз карандысыз ондон ашык депутат кирип, ага Дооронбек Садырбаев төрага болду. Комиссия бир айлык мөөнөт ичинде ишти иликтеп, тыянагын парламентке сунуш кылат. Буга Аксы окуясы боюнча экс-губернатор Султан Урманаевге каршы кылмыш козгоого уруксат берүү тууралуу башкы прокуратуранын Жогорку Кеңешке берген сунушу негиз берди. «Ак шумкар» партиясы кечээ уюштурган маалымат жыйынында Султан Урманаевге каршы кылмыш козгоо аракетин саясий куугунтук катары баалады.BuS)