ЕВРОПАНЫН КҮН ТАРТИБИНДЕ – ОРТОК КЕЛИШИМ

Бейшембиде Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин саммити башталды. Жыйындын башкы максаты – Европалык орток келишимди иштеп чыгуу. Мурда Евробиримдиктин конституциясы деп аталган документ ага Франция менен Голландиянын жарандары каршы добуш бергенден кийин ушинтип, Европалык келишим деп атын өзгөрткөн. Эксперттер документтин бардык жагдайларын макулдашуу өтө татаал болоорун айтышууда.
Ошентип, жакында эле Европалык конституция деп аталып жүргөн документ эми орток келишим деген атка конгон, учурда Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Германия атүгүл аны “Реформа жөнүндө макулдашуу” деп атоону да сунуш кылууда. Кандай болбосун, эксперттердин айтымында, Европалык келишимди кабыл алуу татаал маселеге айланчудай. Бул пикирди тастыктап, жакында Британиянын премьери Тони Блэр: "биз британ мыйзамдарын өзгөртө турган бир да келишимге кол койбойбуз", - деп билдирген. Бейшембиде Брюсселдеги жыйынга барган Блэр ошол эле пикирин кайталады:

- Сүйлөшүү абдан татаал болчудай. Биз тышкы саясат, сот, салык жана социалдык коопсуздук, ошондой эле фундаменталдык укуктар боюнча хартияга байланыштуу 4 багытта маанилүү өзгөртүүлөр зарыл экенин айттык. Бул өзгөрүүлөр ишке ашабы – баарын карап көрүшүбүз керек.

Европага учурда төрагалык кылып жаткан Германия жана Еврокомиссия келишимди кабыл алуу - Шаркеттин келечеги, дүйнөдөгү ролу, таасири үчүн өтө зарыл иш деп белгилеп жатышат. Еврокомиссиянын президенти Мануэль Баррозо буларга токтолду:

- Мен мунаса таба алабыз деп ишенем. Бул абдан катаал, узак, оор сүйлөшүү болмокчу, бирок макулдашуу табуунун жолу бар, ал үчүн бардык аракетимди жумшоого даярмын, бирок кандай болбосун деп айтуудан алысмын.

Эксперттер Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн саясий максаты ар түрдүү экенин, алар азырынча жалпы башкаруу органын, бирдиктүү сот системасын түзүүгө даяр эмес экенин, атүгүл жалпы гимн, желекти да макулдашуу кыйынга тураарын айтышат.

Британиянын ырасмий өкүлдөрү азырынча улуттук кызыкчылыктарды жалпы европалык максаттар менен алмаштыруу мүмкүн эмес деген маанайда билдирүүлөр жасашты. Франциянын президенти Николя Саркозинин жакын шакирттеринин бири, Европарламенттин мүчөсү Алэйан Ламассюр: “Европанын жалпы тышкы иштер министри деген болбогон сөз, албетте, Хавьер Соланага караганда салмактуураак бир бийлик түзсө болот”, - деп комментарийледи.

Евробиримдикке төрайымдык кылып жаткан немец канцлери Ангела Меркел бардык тараптардын нааразылыктарын эске алып, мунаса келишимди кабыл алууга кудуретибиз жетет деп ишендирүүдө. Айрым Европа лидерлери келишим кабыл алынбай калса, Биримдик саясий кризиске кептелет, өнүгүүнү далай жыл артка тартат деген кескин пикирде. Мурдагы конституция Франция менен Голландияда колдоо таппай калганын эске алып, бул ирет Европа лидерлери келишим улуттук референдумдарда талкууланбайт деп алдын-ала бычып коюшкан.