18:12 Жер титирөөдөн жапа чеккен кочкорлуктар кезектеги нааразылык акциясына чыгышты

-Эки күндөн бери Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында нааразылык билдирип турабыз,- деп билдирди “Азаттыкка” Кочкор айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн адиси Гүлжан Мураталиева. Себеби Кочкор районунда 173 үй-бүлө жер алдынан чыккан суулардын натыйжасында үйлөрү авариялык абалда болуп, алды 10 жыл, арты 2 жылдан бери өкмөттөн ссуда күтүп кезекте турушкан. Декабрда болгон жер титирөөдөн экинчи ирет жапа чеккен кочкорлуктарга атайын келген комиссиялар төртүнчү деңгээлдеги кыйроо деп сертификат беришкени менен ссудага келгенде аларды жер астынан чыккан суудан жабыркагансыңар деп акча беришкен эмес. Натыйжада нааразы болгон 173 үй-бүлө жергиликтүү бийликтерден майнап чыкпаган соң президентке, өкмөткө арыз-муңун айтуу үчүн Бишкекке жүрүшкө чыкмай болушту. (JI)