11:26 Конституциялык реформа күзгө калышы мүмкүн

Бул тууралуу президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев бүгүн билдирди. Анын айтымында, «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга корутунду алуу үчүн дээрлик эки ай мурун паралмент Конституциялык сотко кайрылуу жасаган. Бирок Конституциялык сот ал маселени 6 айдын ичинде карай алат. Ошондуктан качан кароону сот чечет, деп белгиледи Зулпуев. Ошол эле мезгилде парламенттин жайкы каникулга тароосуна 10 күн калгандыгына байланыштуу конституциялык өзгөрүүлөр күзгө калышы ыктымал болуп турат, деди Зулпуев. (AiT)