7:00 Бишкекте бүгүн «Конституциялык өзгөртүүлөргө жарандардын катышуусу» деген аталыштагы улуттук конференция өтөт

Ага бийликтен жана жарандык коомдон 50дөн ашуун өкүлдөр катышмакчы. Жыйынга премьер-министр Алмаз Атамбаев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов да катышаары күтүлүүдө. Бул конференцияны жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы бир катар коомдук уюмдар менен биргелешип уюштурууда.(SM)