Бет ачаар 22-июнда болот. Ага китептин кол жазмасын таап, кыргызчага которууга эмгеги сиңген ишмерлер, окмуштуулар, тарыхчылар катышат.Китепти чыгаруунун демилгечиси болгон коомдук ишмер Муктар Бостонбаевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде Зияуддин Магзуминин 500дөн ашык беттен турган дагы бир кол жазамсы табылып, аны которуу аракеттери жасалып жатат. Кудаяр хандын замандашы, ошол кезде хан ордосунда таасирлүү кызматкер болгон Зияуддин Магзуми кат тааныган, билимдүү кыргыз болгон. (AiT)