КУШ ТАПТОО ӨНӨРҮ КАЙРА ЖАНДАНУУНУН ҮСТҮНДӨ

Акыркы убактарда сейрек тартып бараткан куш таптоо өнөрү кайра жандануунун үстүндө. Ысыккөл өрөөнүндө чейрек кылымдан ашык куш салып, мүнүшкөрдүк кесипти аркалап жүргөн Сагынбай Зарнаев 2004-жылы “Зарна ата” деп аталган бүркүтчүлөр коомун түзгөн. Бүгүнкү күнү коомдун бир нече мүчөсү мүнүшкөрдүк кесипти кийинки муундарга үйрөтө башташты. Куш салуу жана анын айрым оош-кыйыш көйгөйлөрү тууралуу бүркүтчүлөр коомунун жетекчиси Сагынбай Зарнаев кабарчыбыз Замира Кожобаевага айтып берген.
- Сагынбай мырза, акыркы убактарда мүнүшкөрдүк кесип калып баратат деген тынчсыздануулар көп. Бул өнөрдү кийинки муундарга үйрөтүү, сактап калуу боюнча сиздердин коом кандай иш алып барат?

- Чындыгында эле куш таптап, бүркүт таптап, куш салуу өнөрү азайып кеткен. Ошол ата-бабалардан өтүп, илгертеден келе жаткан салтты сактап калуу максатында мен коом түзгөм. Үч жылдан бери өзүбүздүн Бөкөнбаев айлындагы бүркүтчүлүк өнөрдү сүйгөн он беш чакты жигитке бүркүтчүлүк өнөрдүн сырларын үйрөтүп атам. Өзүмдүн үч уулум да мени менен кошо куш таптап, салышат. Алар үйрөнүп калышты. Буйруса келечекте дагы бул ишти улантуу өтө зарыл. Анткени мүнүшкөрдүк сыяктуу ата салтын сактап алып калышыбыз керек.

- Ушул тапта куш салуу менен илбээсин алуу кандай болууда? Анткени азыркы учурда жапайы жаныбарлардын саны мурдагыдан алда канча азайып кетпедиби?

- Чындыгында азайып атат. Азыр мүнүшкөрлөр жайылып чыгып, куш менен бир күндө бир түлкү алдырса алдырат, алдырбаса жок. Анткени жаратылышка орой мамиле жасаган, браконьерлер көбөйүп кетти. Муну өзүнчө бизнес кылгандар да бар.

Биз куш салып алганда жапайы жаныбарлардын азаюусуна анча таасир тийгизбейт. Ал эми башкалар болсо мылтык менен атып, капкан менен кармап, кырып жатышат. Илгери ата-бабабыз жаратылышка аяр мамиле жасап келген, ошондуктан куш менен аңчылык кылууга да жапайы жаныбарлар көп болчу. Бир бүркүтчү бир айылды баккан учурлар болгон. Мындан тышкары илбээсин гана эмес, таптоого боло турган куштардын саны азайып кетти. Айрыкча жаш балдар Аравияга ителги сатып, көп акча табуу максатында өздөрү билбей эле ийри тумшуктун баарын кармай берип, азайтып жиберишти. Мына ушул куштарды сактап калуу да –биздин коомдун бир максаты.

- Мурдагы уламыштарда Томонун бүркүтү жөнүндө айтылчу. Азыркы кезде ошондой даңазасы чыккан кыраан бүркүттөр барбы?

- Чындыгында азыр Томо чоң атанын, Мойтекенин салган бүркүтүндөй, Оболбек атанын бүркүтүндөй болгон кыраандар жок. Азыр ал кездегидей мүнүшкөрлөр да калган жок. Анткени бул дагы заманына жараша болот экен, мен ошентип баамдайм. Ошентсе да азыр деле эчки, теке, карышкыр алган бүркүттөр бар. Мисалы менин эң улуу бүркүтүм эки карышкыр алган.

- Кыргызстандагы бүркүтчүлөр бири-бириңер менен жолугуп, куш салуунун сырлары менен бөлүшүп турасыздарбы?

- 2003-жылы Чолпонатада Батыштан келген орнитолог окумуштуулардын катышуусунда Оштон, Жалабаттан жана башка жактардан бүркүтчүлөр келип, чогулганбыз. Ошондо ал окумуштуулар да бизге мүнүшкөрдүк кесипти сактап калууга кеңештерин беришкен. Ошонун негизинде мен коомду түзгөм. Бат-бат жолугуп, кездешип турбасак да, чоң-чоң майрамдарда, мааракелерде жолугуп, куш салып, өнөр көрсөтүп турабыз.