16:57 Эмиль Жороев: Тышкы саясатты жургүзүү бир адамдын гана колунан келе бербейт

Жаш саясат таануучу Эмиль Жороев “Азаттыкка” берген маегинде, президент К. Бакиев жүргүзүп жаткан тышкы саясатка токтолуп жатып, учурда кемчиликтер көп экендигин айтты. “Тышкы саясат бир эле кишинин колунда эмес. Ар бир мамлекетте тышкы саясат чоң кеңеште талкууланат. Ал эми бизде бардыгы бир адамдын колуна топтолгон”, деп кошумчалады саясат таануучу. Эмиль Жороевдин пикиринде, Кыргызстан Орусия, АКШ, Кытай өңдүү мамлекеттерге бирдей мамиле жасап, аларга саясий өнөктөш болууга аракет жасаш керек. (ZMa)