13:00 Бүгүн вице-премьер-министр Нур уулу Досбол өкмөт үйүндө жумушчу кеңеш өткөрдү

Кеңеш экономикалык блок боюнча мыйзам долбоорун даярдоого байланыштуу өткөрүлдү. Ага каржы министри Акылбек Жапаров, Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова, Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова, Өндүрүш, энергетика жана отун-кубат ресурстары боюнча министрликтин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Жолугушууда экономиканы өнүктүрүү, салык жана бажы системасы, кыймылсыз мүлк жана баалуу кагаздарды жөнгө салуу тууралуу сөз болду. Нур уулу Досбол экономикалык блокко байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку кеңешке тез арада киргизүү маселесин козгоду. “Депутаттар күзгө чейин өз чөлкөмдөрүнө тарап кетет, андыктан биз бул суроолорду тез убакытта карап чыгышыбыз зарыл”, деп кошумчалады вице-премьер-министр. (ZMa)