Абсамат Масалиев, Акматбек Сүйүнбаев жана Арсланбек Дүйшеевдин элесине арналган эстеликтер борбор калаа Бишкекте коюлат. Белгилүү саясий ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн аллеясына коюлса, Акматбек Сүйүнбаев жана Арсланбек Дүйшеевдин эстеликтери Эркиндик бульварында тургузулат. Эстеликтердин расмий ачылышы 29-июнга белгиленген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)