Орусияда ФСБ Луговойдун айткандары боюнча кылмыш ишин козгоду

Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматы (ФСБ) Андрей Луговойдун билдирүүлөрүнүн негизинде Александр Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. “Шпионаж” боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кимдер каралышы мүмкүн экени айтылган жок. Британия Андрей Луговойду былтыр Лондондо ууланып өлгөн Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар болушу ыктымал деген айып таккан эле. Луговой болсо Москвадагы маалымат жыйынында Литвиненкону ууландыруу британ жашыруун кызматтарынын көзөмөлүндө ишке ашкан деп билдирген.