Аксы алааматынан бери беш жыл өткөнү менен элге ок аткандар менен ага буйрук бергендер табыла элек. Окуя маалында каза болгондордун ата-энелери мына ушуга нааразы. Беш адам өлгөн бул окуя боюнча тиешелүү иштер жүргөн жок. Жабырлануучулар окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү табылып, жазага тартылбаса президент К.Бакиевге да ишенбейбиз дешет.
Арадан беш жыл өтсө да Аксы алааматында элге ок аткандардын табылбай жатканы балдарынан айрылган ата-энелерди бушайманга салууда. Ошондо депутат Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу талабы менен район борборуна бараткан жолдо өкмөттүк күчтөр жана демонстранттар кагылыша кетип, милициянын огунан беш адам өлгөн. Бийлик башчылар окуя боюнча иш жүргөнүн байма-бай кайталаганы менен жабырлануучулар ал жоопторго алымсынбай, элди аткандар жазасын тартсын деген талабын коюуда. 17-мартта уулу курман болгон Момунбек Четинбаев, “Тайфун” операциясына кол койбогонун айтып келаткан президентке нааразы:
- Кан какшаган адамдардын муңун уккан эч ким жок. Бакиев кетсе дагы кийин келген президенттин убагында ачылышы мүмкүн бул иш. Жок дегенде 4-5 күнөөлү кишини каматып, соттоп, анан сурак алса чыкмак. Бул бийликке ишенбей калдык.
Номери жок “УАЗ” автоунаасындагы белгисиз адамдар 18-мартта күүгүм ченде район боборундагы демонстранттарды кууп жүргөн. Алар Үмөталиев Элдиярды райбийликтин жанында атып кетишкен. Он сегиз жашка толоор уулун жоктоп, сыздаган Анаркан Таштанбекова, Элдиярды Кербендин көчөсүндө өлтүргөндөрдүн табылаарына ишенбейт:
- Бакиев президент болгондо колдоп шайладык эле. Өлгөн балабыз тирилгендей болуп ишендик эле. Ошол ишеничти дале аткарбады, аткарбайт дагы окшойт. Бакиевге бир эле менин эмес элдин да ишеними кетип атат.
Элге ок аткандарга тергөө жүрбөгөнү жабырлануучулар жана маалымат каражаттарынан белгилүү. Митингчилердин жолун торогон деп жыл соңунда район акими менен прокурору, район, облус милиция башчылары, облпрокурор жоопко тартылып, кийин акталып чыгышкан. Башкы прокуратура 17-мартта окуя бүткөндөн кийин киргизилген “Тайфун” операциясы боюнча козгогон кылмыш ишинен да курал пайдалангандар четте калчудай. Аксы окуясы учурунда жабырлануучуларды коргоо комитетин башкарып, азыр облгубернатордун 1-орунбасары кызматында турган Жаныш Курбанов окуянын негизги себептери изилденгенинен күмөн. Анын ишениминде адам өлүмү боюнча иш козголуп, элди тоскондордун арасында кимде курал болуп, алардын кимиси ок чыгарганын тактагандан кийин гана ок аткандар алар ким буйрук бергенин айташы ыктымал:
- “Тайфун” операциясы, Аксы окуясы болуп өткөндөн кийинки чыккан буйрук. Негизги окуяга катышкан кишилерди күнөөлү деп таап камап, жоопко тарта турган болсо, ким буйрук берген, ким күнөөлү экени чыгат болчу.
“Эмгек жана биримдик” партиясынын өкүлү, саясат таануучу Мураталы Үчкемпировдун баамында 2002-жылы Аксыда массалык баш аламандык болгон. Андан улам кимди ким атканы белгисиз бойдон калышы мүмкүн:
- Кээ бир адамдардын ишеними тайкы болушу мүмкүн. Бир тараптуу маалытты берип атат. Ошол жерде кагылышууда шашылыш түрдө ок чыгып кеткен. Ал жерде ким буйрук бергени, ким атканы белгисиз болуп атат. Дагы эле иммунитети бар депутаттар, мурдагы начальниктер, башка кызматтарда иштегендер да бар бул жерде. Буларды да иликтештирсе жыйынтык чыгат го.