“Аль-Каида” барымтага алынган 14 ирак аскер жана полиция кызматкерлери өлтүрүлгөнүн жарыялады

Диний-эксртемисттик топ алардын өлтүрүлүшүн Ирак өкмөтүнө коюлган ультиматумдун мөөнөтү бүтүшү менен байланыштырды. «Ирактагы ислам мамлекети» экстремисстик тобу интернетке колу таңылып көмкөрөсүнөн жаткан адамдарды согушкер башка атып жаткан видеотасманы жайгаштырды. Бирок Ирак козголоңчулары пайдаланган бул сайттагы тасмада тартылгандардын чын-төгүнү аныкталган жок.