Элчилер тышкы иштер министри Эднан Карбаевдин катышуусунда уюмдун 16-августка белгиленген Бишкектеги саммитине көрүлүп жаткан даярдыктарга жана уюмдун алкагындагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө байланышкан маселелерди талкуулашмакчы. Келерки айдын орто ченинде болсо Бишкекте уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушат. Анда саммиттин күн тартиби, кандай документтерге кол коюлары аныкталат. (SM)