ОРУСИЯДА УЛУТТАР АРАЛЫК КАРМАШ БИЙЛИКТИН КӨЗӨМӨЛҮСҮЗ КАЛУУДА

Муса Мураталиев, Москва Орусияда ашынган солчулдар уюштуруп туруучу акциялар азыр көндүм болуп бара жатат. Адам укугун коргоочулар болсо мындай көрүнүшкө каршы күрөш ачып, аларды сындап, бийликтин ага көңүлүн бурдурта албай келет. Анализчилер баамында орусиялык жашоо-турмуштун кыйла чөйрөсүндө оңолуу болгон эмес. Ошол себептүү калктын мамлекеттик институттарга, ошондой эле бийликке арткан ишеними жок. Натыйжада бийлик азырынча өлкөдө болуп аткан улуттук кармашты басууга алы келбейт. Мындай пикирди саясий эксперт Юлия Латынина кечээ Moscow Times гезитине жазып чыккан.
Жазуучу Юлия Латынинанын макаласында улуттар алакасы кеп болот. Бийликтин улуттук саясаты болбогондуктан ич ара кагылыш көз жаздымда калып келе жатканы айтылат.

24-май күнү Ставрополь калаасында чечен-орус жаштарынын жаатташып мушташы чыккан. Андан Чеченстандык бир студент өлүп, арадан эки күн өткөндө эки орус студенттин бычакталып өлүшү миңдей кишини көчөгө чыгарган. Ырасмий сыналгы бул туурасында эч нерсе көрсөткөн эмес, бирок, аны ошол күнү RTVI каналы көргөзүптүр. Ошол жерде чыгып аткан бул кыйкырыктарда, «Орусияга даңк!» - дешет.

ИИМ башчысы Рашид Нургалиев «улуттар арасында жаатташуу жок» - деген. ИНТЕРФАКС жазганга караганда ал жолу 51 киши кармалып, анын бирөө улуттарды кайраштырды деп таанылган.

Бул былтыр 30-августта Кондопога калаасында чыккан кавказдыктарга каршы башаламандыкка окшошуп турат. Анализчилер болсо Ставрополдогу элдин көчөгө чыгуусу алардын бийликтин кебин укпай калганын билдирет дейт. Чындыгында анын алдыңкы күнү Орусиянын президенти Түштүк федералдык округ боюнча өкүлү кылып дайындаган Дмитрий Козактын: «улуттарды араздашууга чакырык таштап, чагым салгандарды биринчи кезекте жазалайбыз» - деген эскертүүсүнө карабай ставрополдуктар көчөгө чыгышыптыр.

Латынина айтканга караганда орусиялык саясий элитанын бар аракети өз элине башкаларды жек көрүү маанайын жаратып, жеке атын чыгарууда болууда. «Бийлик Ставрополдо жаңжалды болтурбай коюуга алы келген эмес. Эмне дегенде орусиялык бийлик чындыгында өзүнөн башка эч нерсеге көз сала албай калды»,- дейт ал.

Кремль бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алып турамын дегени менен ага баш ийгендер Мамдума, Федералдык Совет, прокуратура, сот, мамлекеттик басма сөз каражаттары гана, бирок ага баш ийип ийчү эл эмес деп жазат автор. Андан ары эмне себептен башкарылма демократия ушундай абалга жеткенин талдоого алат.

Кремлдин кийинки учурда аңды дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты орусиялыктарды башка элдер менен жакалаштырып салганы айтылган. Коом арасында сурамжылоо орустардын поляктар, грузиндер, эстондор, америкалыктар, еврейлер, борборазиялыктарды жек көрүшө тургандыгын далилдеген. Мындай маанай көбүнчө бийликтин үндөөсүнөн улам болуп атканы белгиленет.
Дагы бир белгилей кетчү жери - орусиялык коомчулукта эми саны жагынан аздык кылган өз элдерине карата жек көрүүчүлүктүн артып баратышы болууда делинет.