Газа тилкесинин көпчүлүк бөлүгүн исламчыл ХАМАС уюмунун согушкерлери көзөмөлгө алды

Анын алдында өкмөттү башкарган хамасчылар Батыш колдогон палестин президенти Махмуд Аббастын “Фатх” уюмунун коопсуздук кеңселерин жардырып, имаратты басып алышканы кабарланган. “Фатх” жана ХАМАС топторунун ортосундагы кагылышуулардан шаршембиде 20дан ашуун, соңку беш күн ичинде болсо 70тен ашуун адам мерт болду. Палестин автономиясынын башчысы, “Фатх” тобунун лидери Махмуд Аббас менен премьер-министр, ХАМАСтын жетекчилеринин бири Исмаил Хания кан төгүүнү токтотууга үндөгөн биргелешкен билдирүү жасады.