ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ: КАМБАРАТА ГЭСтерин САТУУГА БОЛБОЙТ

Дээрлик эки жумадан бери Жогорку Кеңеш Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат. Отун, энергетика жана суу ресурстары боюнча комитет депутаттардан түшкөн сунуштарды өкмөт менен чогуу карап, бейшемби күнү маселени добуш берүүгө алып чыкмай болду. Камбарата ГЭСтеринин айланасындагы маселени мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев менен сөз кылмакчыбыз.
- Сиз жетекчи болуп турган кезде Кыргызстанда эң ири суу сактагычтар менен ГЭСтер курулуптур. Адегенде ошол объектилердин маанисине токтоло кетсеңиз?

- Кыргызстанда эң зор байлыктын бири бул суу жана гидро ресурстары. Советтик доордо биздин эң негизги дарыябыз Нарын суусуна 16 электро станция курууну долбоорлогонбуз. Ошонун алтоо бүттү. Ал Токтогул, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдуусай, Үчкурган, Атбашы ГЭСтери. Алар бүткөндөн кийин Токтогул суу сактагычынын жогору жагында 84-жылы Камбарата-1-2 ГЭСтеринин кубатуулугу 2 млн. 200 миң киловатт. Бул станциялар курулганда жылына бизге 6 млрд. киловатт саат электр энергия чыгарып турмак. Муну биз 1984-жылы баштаганбыз. Ошол 84-85-жылдары 100 миллиондон ашык доллар иштелген. Тилекке каршы Советтер Союзунун башчылыгына Горбачев келди, Горбачев жана Кыргызстандын горбачевчулары бул станциянын курулушуна көңүл бурбай коюшту. Ал эми 5 жылдык план боюнча бул ситанциялардын биринчи агрегатын он экинчи беш жылдыкта эксплуатацияга берилмек. Мына ошол бойдон калып калды. Бул өзү эң негизги стратегиялык станциялардан. Мунун төмөн жагында айтып өткөндөй Токтогул жана башка станциялар бар. Мунун баасын булар апыртып эле чоңойтуп атат. Маселен Токтогул ГЭСин курууга биз 541 млн. советтик рубль жумшаганбыз. Ал эми Камбарата -1-2ге бул сумманын теңине жакыны гана жумшалмакчы. Булар долбоорду карабай эле, өзүнөн өзү эле абдан кымбат биз иштей албайбыз деп чет мамлекеттик фирмаларга берүүнү чечип атышат.

- Сиз Кыргызстан өз күчү менен кура алат деп ойлойсузбу?

- Бул Камбарата ГЭСтерин чет өлкөлүк компанияларга таптакыр берүүгө болбойт. Чамалап айтканда бул ГЭСтердин акциясынын 50 пайыздан ашыгы республиканын колунда болуш керек. Калгандары инвестиция, курулушка каражат жумшай турган чет өлкөлүк фирмаларда болуш керек. Аларга Камбарата ГЭСин сатуу эч болбойт. Эгерде аны сата турган болсок анын төмөн жагындагы ГЭСтерди сатып алууга аракет жасашат. Ал эми биздин 2001-жылы кабыл алынган мыйзамдын 8-беренесинде бул станциялар мамлекеттин менчиги, эч кандай приватташтырууга, сатууга болбойт деп жазылган. Бул законду эгер өзгөртө турган болсок анда Кыргызстандын колунда эч нерсе калбай калат.

- Сиз буга чейин Кыргызстан аталган ГЭСтерди өз күчү менен кура алат дедиңиз, ушунча каражат кайдан табылат?

- Мен антип айткан жокмун. Кыргызстан бул абдан кубаттуу ГЭСтерди чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу менен куруш керек. Бирок бул Камбарата ГЭСтерин приватташтырууга, же сатып жиберүүгө эч качан болбойт. Чет өлкөлүк инвесторлорду тартканда аларга 50-60 пайыз эмес, 50 пайыздан кем 47-48 пайызын бериш керек. Эмне үчүн алар 50 пайыздан ашык алабыз деп атат. Бул өзү абдан түшүнүксүз. Эгерде Камбарата ГЭСтерин сатып жибере турган болсок, приватташтырсак анда төмөн жагындагы Токтогул, Шамалдуусай жана башка ГЭСтерди приватташтыруу керек деп талап кылышы мүмкүн. Буга эч кандай барууга болбойт. Кыргызстандын колунда калган, элди багып аткан чоң байлык – бул гидро станциялар. Биздин Кыргызстандын дарыяларынын гидро кубаттуулугу Совет доордо эсептеткенбиз 162 млрд. киловатт саат болот жылына. Бул жагынан Кыргызстан дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт. Биринчи Россия, экинчи Норвегия, үчүнчү Тажикстан, төртүнчүсү азыр эсимде жок, бир тоолуу өлкө, анан бешинчиси Кыргызстан. Биз гидро ресурстарыбызды чет өлкөлүктөрдүн колуна салып берүүгө тийиш эмеспиз. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар, ошону издеш керек, туура пайдаланыш керек.

- Кыргыз өкмөтү контролдук акциялар 51 пайыз Кыргызстандын колунда калат деп ырастоодо чет өлкөлүк инвесторлорду тартылса. Сууну башкаруу үчүн 51 пайыз кепилдик боло алабы?

- Эгерде 52-53 пайыз биздин республикада кала турган болсо анда инвесторлорду тартууга болот. Биздин укканга караганда Россия, Казакстан 60 пайызга чейин бизге бергиле деп атат. Мындай маселе коюп атканы эч бир түшүнүксүз. Ага барууга эч качан болбойт. Мисалы айтайын, биз Нарындагы 6 станцияны курганда Союздук бюджеттен 1 миллиардга жакын советтик рубль алганбыз. Аны алып туруп станцияларды курганда, 8 жылдын ичинде алган карызыбызды кайрадан кайтарып бергенбиз. Кайтарып гана бербестен союздук бюджетке 1 миллиарддан ашык рубль накта пайда келтирилген. Ал эми чет элдик инвесторлор өзүнүн жумшаган каражаты үчүн электр станциясын орнотот. Электр энергиясын алат аны сатат. Бул өзү эл аралык практикага туура келет.

- Сиз буга чейин Горбачевдун убагында ушул долбоорлор токтоп калды дедиңиз. Бирок андан кийин канча жыл өттү. Эмне үчүн Акаевдин тушунда бул маселе козголгон жок?

- Мен айтпадымбы, 84-жылы баштаганбыз, 84-85-жылдарда 100 млн. долларга жакын каражат жумшалган. Кыргызстандын горбачевчулары буга көңүл бурбай коюшту. Эгерде мурунку план боюнча эсептегенде съезддин чечими боюнча биз биринчи агрегатты он экинчи беш жылдыкта бермекпиз. Кийин болсо Кыргызстандын экономикасы союз тарагандан кийин аябай бузулбадыбы. Заводдор, өнөр жай, айыл чарбасы иштей албай калды. Кыргызстандын өзүнүн Камбарата ГЭСтерин курууга мүмкүнчүлүгү болбой калды. Мына ошон үчүн ушуга чейин келди. Мен дупутат болуп иштеп турганда бул маселени канча жолу койдум, кандай гана болбосун мүмкүнчүлүктөрдү таап туруп Камбарата ГЭСтерин курууну улантыш керек деп. Бирок тилекке каршы өкмөт тарабынан бул маселе колго алынган жок. Ошондой Жогорку Кеңеш тарабынан дагы бул маселеге көңүл бурулган жок, чечим чыккан жок.

- Сөз болгон ГЭСтердин статусу өзгөрсө бир катар мыйзамдарды да өзгөртүүгө туура келеби. Маселен Акаев суу ресурстарынын мамлекеттер аралык пайдалануусу жөнүндө мыйзамга кол койгон экен. Ошол мыйзамдар да өзгөртүлөбү?

- Өзгөртүүгө болбойт. Бул өзү стратегиялык объектилер. Мына ошол мыйзамды даярдоого мен дагы катышкам. Чынында бул менин инициативам боюнча кабыл алынган мыйзам. Бул объектилер мамлекеттин менчигинде болуш керек. Аларды приватташтырууга, сатууга эч кандай болбойт. Ал эми инвестиция берген чет өлкөлүк компаниялар өзүнүн үлүшүн берген каражатына жараша электр энергиянын эсебинен алып туруш керек.

- Маегиңизге ырахмат.