“Адам укугу боюнча коомчулуктун активдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында 600гө чукул айыл жаштарына семинарлар өткөрүлдү. Мындан тышкары, аймактардагы бейөкмөт уюмдарына дем берүү максатында да иш-чаралар көрүлдү. Ошондой эле, долбоордун чегинде мектептерде балдардын укуктук жактан билимин кантип өркүндөтүү керек окуутучулар үчүн атайы тренингдер өттү. Жаштар арасында сүрөттөр сынагы жарыяланып, адам укугу жаатында билим берчү окуу куралы жарык көрдү. 2006-2007 жылдар аралыгында жүзөгө ашырылган бул долбоор Еврокомиссиянын колдоосунда ишке ашты. (ElenK)