10:49 Беш айда мамлекеттин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 400 миллион сомго көп болду

Бул тууралуу каржы министрлигинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, быйылкы жылдын январь-май айларында мамлекет казнасына 11 миллиард 300 миллион сом киреше түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26.3% көп болуп, акчалай эсептегенде 2 милилард 400 миллион сомду түзөт. (AiT)