Төрөкул Дооров, Прага НАТОнун аскер күчтөрү Ооганстандагы талибдерге каршы чабуулун күчөткөнүнө карабай, британиялык жана америкалык аскер күчтөрү аларга коргоого берилген негизги объекттин коопсуздугун камсыз кылуу канчалык ийгиликтүү болуп жатканын айтыша элек. Эларалык аскер күчтөрү азыр Кажаки дамбасынын айланасында эч кандай карасанатайлыкка жол бербөөгө аракет кылышууда. Анткени Кажаки дамбасындагы ремонт иштери тезирээк бүтүп калса, провинциядагы эки миллиондой адамга электр кубаттуулугу жетмек.
Ооганстандын Хелманд вилоятындагы Сангин районуна британиялык жана америкалык күчтөр миллиондогон доллар жардам көрсөтөөрүн айтып, убада беришүүдө.
Бирок алар бул жердеги уруулардын лидерлерине талап коюшту: НАТО күчтөрү жазында талибдерге каршы чабуул койгондон кийин, эми уруу аксакалдары талибдерди кайра районго киргизбеши керек.
Өткөн жумада аймактагы жүздөй аксакал америкалык жана британиялык аскерлер менен сүйлөшүп, навада райондогу тургундар талибдерди колдогонун коюшпаса, Сангинде ооруканалар менен көчөлөрдү, анан бул “Кажаки” дамбасын куруучулар да келбей турганын айтышкан.
Декабрда Британиянын Ооганстандагы башкы командачысы “Кажакиге” жакын жерлер толугу менен талибдерден “тазаланганын” билдирип, дамбаны куруп жаткандар жазында ишке кирише берсе болоорун жарыялаган эле.
Ошондон бери Сангиндин тоолуу түндүк аймагы түштүк Ооганстанды көзөмөлгө алуунун тактикалык да, сиволикалык да ачкычы болуп калды окшойт.
Кажаки дамбасына талибдерди жакын жолото койбой, НАТОнун күчтөрү мартта чабуулдарын күчөтүшкөн.
НАТОнун баш-катчысы Яап де Хооп Схеффер “Кажаки” дамбасы курулуп ишке кирсе, Хелманд жана Кандагардагы эки миллиондой адам, чынында эле, Ооганстанга келген чет өлкөлүк күчтөр аларга жардам берүүнү жана оогандардын жашоо шарттарын жакшыртууну максат кылаарына ишенишмек деп ойлойт.
- Дамбанын турбинасы орнотулгандан кийин, ал эки миллиондой адамга, алардын ишине күч бермекчи. Андан сырткары, бул жүздөгөн дыйкан-фермерлердин сугат иштерине көмөк болот. Эки миңдей жумуш оорду түзүлөт. Талибдер, мыкаачылар бул долбоордун ишке киришине көралбастык кылып, күндө ага каршы чабуул жасаганга далалат кылышууда, - деди НАТОнун башкы-катчысы Яап де Хооп Схеффер.
Июнда Сангинде британиялык жана америкалык биргелешкен күчтөр талибдерге каршы ок атышкандан бери абал бир топ эле тынчып калгансыйт. Өткөн аптада айылдын аксакалдары менен баарлашканда, британиялык командир, лейтенант-полковник Стюарт Карвер талибдерди кууп чыгаруу бул жолу бир топ жеңил болгонун, бирок эми аларды кайра аймакка келтирбөө алда канча татаал болоорун эскертти.
Бул өңдүү кооптонууларга карабай, НАТО жөнөкөй тургундар жана куруучулар арасында текшерүү өткөрбөй эле, “Кажаки” дамбасын оңдоого киришти.
“Кажакиге” кетип жаткан каражатты АКШнын Эларалык Өүнүгүү агенттиги төлөйт. Анын Ооганстандагы ишине азырынча Карл Абдоу Рахмаан баш көз болуп турат.
- Аскерий аракеттер уланып жаткандыктан, биз өзүбүздүн иштин тартибин кичине өзгөрттүк да, аны андан ары улантууга кириштик. Биз долбоордун кайсыл бөлүктөрү боюнча ишти улантыш керектигин аныктадык, ошонун алкагында алдыга жылып жатабыз, - дейт Рахмаан.
USAIDдин жетекчилери “кандагарлыктар 2008-жылдын башынан тарта “Кажакинин” электр энергиясынан пайдалана алышат го” деп үмүттөнүп турушат. Бирок ал үчүн дамбаны оңдоо иштери эки айдан кечиктирилбей, башталышы зарыл.