Кагылышуулар “Фатх” жана ХАМАС топторунун ортосунда жүрүүдө. Кечээ Палестин автономиясынын өкмөтү жыйын куруп жаткан имаратка да ок атылган. Ал жерде премьер-министр Исмаил Хания да бар болчу. Чабуулдан улам жыйын үзгүлтүккө учурады, бирок андан жабыр тарткандар болгон-болбогону тууралуу маалыматтар айтылган жок.