10:14 Кызылкыяда көмүр кенинде үч киши набыт болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Кожокелен айылындагы Торпу шахтасында 3 киши газга ууланып каза тапты. Каза тапкандардын баары Каракөл айылынын тургундары. Алардын сөөктөрү 11-июнда туугандарына тапшырылды. (AiT)