Ашхабаддагы эки күндүк сапардын учурунда ал түркмөн президенти жана тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда негизинен эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, билим берүү жана маданий жааттагы кызматташтыкты жандантуу маселелери талкууланмакчы.(SM)