Орусия оппозициясынын уруксат берилген кезектеги демонстрациясы Москвада болду

Башка Орусия оппозициячыл кыймылынын Москвадагы бүгүнкү демонстрациясына 1500дей адам катышты. Москванын борбордук бөлүгүндө милициянын курчоосунда турган демонстранттар "Бизге башка Орусия керек!", "Путинсиз Орусия!" өңдүү ураан-чакырыктарды айтышты. Москванын шаар бийликтери бул ирээт оппозицияга катышуучулардын саны 500 адамдан ашпаган демонстрация уюштурууга уруксат берген эле. Башка Орусия кыймылы "Макул эместер маршы" деген жыйынын ушул ишемби күнү Санкт-Петербургда да өткөрүп, ал милициянын кийлигишүүсүз тынч аяктады. "Макул эместер маршы" быйыл апрелде Москвада жана Санкт-Петербургда болгондо милиция демонстранттарды күч менен тараткан.