Өкмөттүн Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети депутаттар арасында чоң талашты жаратып, маселенин чечилиши кечеңдегенден-кечеңдеп келатат. Экономикалык маселенин антип саясий өң-түс алып кетиши ортодон чыккан суу проблемасына байланыштуу. Ошондон Нарын дарыясына курулчу “Камбарата” ГЭСтерине сырттан инвестиция тартуу боюнча мыйзам тоскоолдуктарга кабылып, талашка айланууда.
Нарын дарыясындагы ири ГЭСтерди жеке колго сатпай, алардын текши баарына өзгөчө статус берген мыйзам тоскоолдугу «Камбарата 1 – 2» ГЭСтерин курууга куштар инвесторлордун демин суутуп, эки жылдан бери өкмөттүн башоорусуна айланып келаткандыгы деле жашыруун эмес. Жакындан бери талаш парламент ичинде улантылууда. Аны депутат Өмүрбек Бабанов театр оюнуна окшоштурду.
- Чоң сахнада, театрда, чоң оюн, сценарий боюнча жүрүп жатат. «Кукловоддор» башка жерде отуру. Биз ошол жерде ролдорду аткарып жатабыз.
Азырынча күчөп бараткан позициялар тиреши кандай жыйынтыкка барып капталары белгисиз. Тек, курулушу токтоп турган «Камбарата» ГЭСтери кайрадан жандана турган болсо Шамалдысай менен Каракөлдөгү жумушсуз отурган энергетиктерге иш табылып, кыргыз экономикасына 2 миллиард ашуун доллар сырт инвестиция агылып кирмек. «Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбековдун ырасташынча, эки ГЭС курулушунун токтоп турушунун айынан Кыргызстан ала турган кирешесинен – миллиондогон доллар акчадан куржалак калууда.
- Биз жанагы орус агайындар айткан, «упущенная выгода» – алынбай калган кирешеден калып жатабыз. Ошону албай жатабыз. Эгер келип муну куруп койсо канча адам иштемек эле. Бюджетке канча акча түшмөк. Кыргызстандын ички дүң продуктун көтөрүшкө канча жардам болмок. Ал эми курулбай турса тура берет отуз жыл деле.
Талаштын баары эле чогулуп келип эле суу маселесине такалууда, дейт депутат Алманбет Матубраимов. Анын айтуусунда, «Камбарата – 1» ГЭСинин суу сактагычында 8 миллиардка жакын кубометр суу топтолот.
- Суунун орточо агымы менен биз «Токтогул» суу сактагычынан кандай кое берсек, кийин «Камбарата – 1ден» жөнөтсөк, ошого жараша бизде суу маселесин чече турган, гидроэнергетика маселесин чече турган, Ортоазия чөлкөмүндө суу абыдан керек кезде аны жөнгө сала турган, аны чече турган мүмкүндүк пайда болот,- деп билдирди А.Матубраимов.
Анын кесиптеши Райымбек Мамыров эки-үч жыл ичинде жаңы кубаттуулуктарды киргизе албаса Кыргызстан өзү энергетикалык таңкыстыкка кабыларын ырастады.
- Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизбесек, анда бизде өзүбүздө, республиканын ичинде жетишпестик пайда болушу мүмкүн. Эки-үч жылга жанагы жоголуп аткан 40%, андан көптөрдү азайтсак, аны 15% азайта алсак, бизде дагы бир эки-үч жылга жетерлик запасыбыз бар. Анан эки-үч жылдан кийин биз энергетиканы башка жактан издеп калышыбыз мүмкүн.
Депутат Өмүрбек Текебаев үч өлкөнүн өкмөттөрү биригип түзгөн компаниянын акцияларынын 51% ээ болсо деле Кыргызстан аны натыйжалуу пайдалана аларына ишенбестигин билдирди.
- 49% сатып жиберип, 51% алып калсак, аны биз көзөмөлдөй алабызбы? 100% мамлекет эсебинде турган компаниянын чыгымын көзөмөлдөй албайбыз. 49% алып, акчасын жумшаган адамдарды анан көзөмөлдөй алабызбы? Жөнөкөй эле суроо, жок! Колдон келбейт.
Узакка созулган талаштын натыйжасында маанилүү делген маселе депутаттар арасында колдоо табарына ишене албаган вице-спикер Таирбек Сарпашев жагдайдан чыгуунун ыңтайлуу жолу «Камбарата – 1 –2» ГЭСтери тууралуу өзүнчө жаңы мыйзам долбоорун даярдап кабыл алуу керек экенин айтты.
- Сууга ким ээлик кылат, анан кийин суу сактагычка ким ээлик кылат? Биздин пайызыбыз кийин азайып кетпейби деген эле суроо. Ушуларды чогултуп туруп эле бир мыйзам түзсөкпү, деген ойго келип жатам.
Талкуудан башы чыкпаган талаштуу маселеге бул ирет да чекит коюлган жок. 12-июнда Токтогул катарындагы ГЭСтердин өзгөчө статусунан «Камбарата» ГЭСтери алынып салынышы-салынбашы аныкталмакчы.