Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстан тышкы иштер министри 12-13-июнда Ашхабадда иш сапар менен болот. Сапар учурунда Карабаев түркмөн президенти, тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. (AiT)