12:48 Камбарата ГЭСтеринин техникалык экономикалык негиздемесин Кыргызстан өзү түзүш керек

Анткени ким ТЭНди түзүүгө буйрутма берсе, буйрук алган тарап ошонун кызыкчылыгын коргойт, деп билдирди депутат Өмүрбек Бабанов. Ал ошондой Камбаратага байланыштуу мыйзамды кайра иштеп келүүгө кайтарууну сунуштады.Депутаттын маалыматы боюнча, казак тарап ТЭНдин алдындагы иштерди аткарууга келишим түзүп, анын үстүнөн иш жүргүзүп жатат. Бул туура эмес, деп белгиледи депутат. Бабановдун сөзү менен Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясы соңуна чыкты. Депутаттар бул маселени талкууну шейшемби күнү улантышат. (AiT)