Орусия Косово боюнча позициясын өзгөртпөйт

Президент Владимир Путиндин өкүлү Орусия Косового көз карандысыздык берүүгө каршы турумда кала берээрин билдирди. АКШ президенти Жорж Буш кечээ Албаниядагы сапары учурунда Косовонун келечеги жөнүндөгү талкуулардын баары “айныксыз көз карандысыздык” максатын эске алышы керектигин айтып, Косовонун көз карандысыздыгы бышып жетилген маселе экенин билдирген. Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде да бул маселеге вето койгону белгилүү. Сербия АКШ президентинин бул айткандарын четке кагып, Косовонун келечеги АКШнын эмес, Улуттар уюмунун колунда деп эскертти. Буш бүгүн Европадагы сапарын Болгарияда улантат.