Президент Путин Америкага Чехия менен Польшадагы болочок антиракеталык системалардын ордуна Азербайжандагы радардык станцияны биргелешип пайдаланууну сунуш кылган. Бул сунуш АКШ менен Орусия лидерлеринин июлдун башында Америкада өтө турган жолугушуусунда талкууланмакчы.