Төрөкул Дооров, Прага Жекшембиде Санкт-Петербургда КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өттү. Президенттер энергетика, транспорт жана миграция жааттарында ишти жакшыртуунун мүмкүн болгон жолдорун карап көрүштү. Саммит орус оппозициясы тарабынан уюштурулган демонстрациялар менен коштолду.
Орусиянын “экинчи бай тактысы” Санкт-Петербург шаары ушу күндөрү эларалык саясий жана экономикалык ири окуялардын борборуна айланды. Ал жерде Орусиянын мен деген бизнесмендери айрым чет өлкөлүк кесиптештери менен бирге Экономикалык форум өткөрүп жатышса, ишембиден тарта аларга КМШдагы президенттер да кошулушту.
Президенттердин саммити бейрасмий эле жолугушуу катары жарыяланган. Анткен менен алардын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде Тоолуу Карабак конфлигинен тарта эмгек миграциясына чейинки жалпы постсоветтик өлкөлөр үчүн маанилүү көйгөйлөр турат.
Н.Назарбаевдин айтымында, дээрлик 10 жылдан бери КМШ уюмунда өнүгүү токтоп, ага кирген мамлекеттер ортосунда бири-бирине ишенбөөчүлүк өсүп келди. Андыктан ишти жакшыртыш үчүн, Назарбаевдин пикиринде, бүгүн күн тартибин КМШдагы баардык өлкөлөргө маанилүү болгон маселелер менен түзүш керек. Булардын бири катары миграция проблемасы келтирилди.
Буга чейин айтылгандай, бул жолку саммиттеги башкы темалардын бири – Тоолуу Карабак маселеси. Карабак маселесинде азыр Армения менен Азербайжанга ортомчу болуп жаткандардын айтымында, “тараптардын позициялары азыр бири-бирине өтө жакын”.
Саммит жана Экономикалык форум оппозициялык “Башка Орусия” бирикмеси уюштурган демонстарция менен коштолду. Оппозициялык лидер Гарри Каспаров ишембиде журналисттерге буларды айтты.
- Биз өзүбүздүн нааразылык акциябызды уланта беребиз жана конституциялык укугубуз урматталышын талап кылабыз. Демонстрация Петербургда өтүп жатканы да аябай маанилүү, анткени ушул Дүйнөлүк Экономикалык Форум учурунда биз дүйнөгө билдирүү таркатып, бүгүнкү Орусияда кырдаал Кремлдин пропагандасы айтып жаткандай эмес экенин билдиргибиз келет, - деди оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров.
Жекшембиде КМШ мамлекет башчыларынын жалпы жыйыны өтүп, анда жетекчилик кылган орус президенти Владимир Путин бул жолку саммитти КМШ аймагындагы экономикалык жааттагы интеграциялык процесстерге арноону сунуштады. Жыйынтыгында, президенттер КМШны реформалоо маселесин ушул жылы 5-6-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтчү кезектеги саммитте кароону чечишти. Алар жылына бир маселени алып туруп, ошону чечүүгө бүт күчүн жумшай турган болушту. Быйыл КМШ мамлекеттери миграция проблемасын карап, КМШнын миграция жаатындагы атайын келишимин түзө турган болушту.
КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин Петербургдагы бейформал саммитине Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да катышты.