БОРБОР АЗИЯ БҮГҮН, ЭРТЕҢИ КАНДАЙ?

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаковдун 70 жылдыгына арналган “Кыргызстан жана Борбор Азия бүгүн” деген аталыштагы илимий конференция Бишкекте өттү. Ага бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, расмий бийлик өкүлдөрү, эксперттер, саясат таануучулар катышты. Жыйында эларалык уюмдардын көбүнө мүчө Кыргызстандын азырынча тышкы саясаты боюнча так позициясы жоктугу, өлкө турмушунун маанилүү багыты баам сыртында калып жатканы белгиленди.
Атпай журтка аттын кашкасындай таанымал саясий-коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун 70 жылдыгына арналып өтүп жаткан маанилүү иш-чаралардын алгачкысы тышкы саясат маселелерине арналышы бир эсеби мыйзамченемдүү экенине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров токтолду.

- Советтер союзу тушунда дипломатиялык жогорку кызматка жетишүү өтөле кыйын болчу. СССРдин Жапан өлкөсүндөгү Генералдык консулу кызматына дайындалышы совет өкмөтү тарабынан Ишенбай Абдуразаковдун билими менен тажрыйбасынын татыктуу бааланышы болчу. Анан да эгемен кыргыз мамлекети жаңыдан бутуна туруп келатканда Ишенбай Абдуразаков дипломатиянын башында болгон.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев адамзат азырынча тынч ымалада жашоо деңгээлине жетише электигин белгилеп, көп проблемалар өкүмзор күчтүн жардамы менен чечилип жатканын, ошол себептүү ыктуу тынч дипломатиянын барк-баасы өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоодо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

- Дипломатия бул өлкөнүн тынчтыкты эңсеген ички кубатын сыртта ишке ашыруунун жолу. Эгер саясат кандай да болсо бешинчи күнгө жетүүнүн айла-амалы болсо, дипломатия кийинки кылымда жашоонун өзгөчөлүү өнөрү.

Анткен менен Кыргызстан азырынча андай өнөргө жетише албай, лөк мамлекеттердин көңүлүн алыш үчүн бирине калпынан болсо да демократияны эки-үч жылда куруп салуу убадасын берип, экинчисине жеринен өөнөп тартуу кылып, үчүнчүсүнөн жардам акча алыш үчүн айткан шартына айныксыз макул болуп, тышкы саясатта мажирөөлүгүн көрсөтүп келатканына «Перспектива» аналитика консорциумунун тескөөчүсү Валентин Богатырев токтолду.

- Улуу жибек жолу дипломатиялык доктринасы, баары менен дос болуу, ымала түзүү аракети жөн гана кожокөрсүнгө коюлган долбоор боюнча калды. Реалдуу тышкы саясат мурдагы советтик схемадан ары кете алган жок. Мурдагы Москва үчкө көбөйүп, ага эми Вашингтон менен Бээжин кошулду. Алардын ортосунда чабагандоо барып-келип толгон-токой убада, милдеттенмелерди үйүп салды.

Антип үч жактын көзүн кароонун кесепети Кыргызстан үчүн оголе оорго туруп жатканын В.Богатырев момундайча түшүндүрдү.

- Бир өнөктөшкө акы катары идеологиялык-аскерий жаыгнан жакын экенибизди билдирдик. Экинчисине калпынан болсо да демократия курганды убада кылдык, үчүнчүсүнө чек ара талашына каршы чыкпай, макул болуп бердик. Анын салакасы өлкөнүн ички турмушуна оорчулугун тийгизүүдө.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умурзак Узбеков Борбор Азия республикалары Батыш менен Чыгыштын чоң өлкөлөрү менен экономикалык карым-катышын күчөтүү боюнча келишимдер түзгөн менен ичара ымалага келе албай келатышканын айтты.

- Проблема чөлкөмдөгү айрым өлкөлөр ортосундагы карма-каршылыктардын сакталып калышына байланыштуу. Бышып жетилген проблемаларды байкоос албай, чөлкөмдүк жалпылыкты жакшылап аңдай албай жатышканынa байланыштуу.

Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тыш саясатынын орток проблемалары жайындагы кеп сөздөрдүн соңунда иш-чаранын себепчиси Ишенбай Абдуразаков 70 жаштын маани-жайын Кытайдын улуу акылманы Конфуцийдин сөзү менен жыйынтыктады.

- 70 жашында ал жүрөгүнүн гана айтканын угуп калган экен,- деп айтты Ишенбай Абдуразаков.

Анын ырасташынча, «жүрөк эч качан алдабайт, дайыма жакшылыкты гана каалайт».