Буга байланыштуу партия бүгүн алгач Кыргыз академиялык драма театрында салтанат уюштуруп, аны «Спартак» стадионунда улуттук спорт оюндары коштойт. Ишемби күнү болсо партия өлкөдөгү кырдаал боюнча талкуу өткөрөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. «Эркиндик» партиясы 2000-жылдын 20-мартында расмий түрдө катталган. Быйылкы жылдын башында анын мүчөлөрүнүн саны 35 миңге жеткен. (SM)