АКШда Ооганстанга каржылык колдоо көрсөтүү боюнча мыйзам кабыл алынды

Конггресстин Өкүлдөр палатасы кабыл алган бул документке ылайык, 2008-2010-каржы жылдарында Ооганстандын өнүгүүсү, коопсуздугу менен экономикасы үчүн 6 миллиард 400 миллион доллар жардам ажыратылат. “Ооганстандагы эркиндик менен коопсуздукту колдоо акты” деп аталган документте андан сырткары АКШ өкмөтүнөн бул жердеги маңзаттар соодасына каршы күрөшө турган координаторун дайындоо да каралган.