Жогорку Кеңештин делегациясы бүгүн казак парламентинин төрагасы О. Мухамеджанов менен жолугушуп, парламент аралык кызматташуу боюнча пикир алмашат. 10-июнга чейин созулуучу сапардын алкагында Марат Султановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев, өкмөт башчы Карим Масимов жана башка расмий жетекчилер менен жолугушуусу белгиленген. (AiT)