Ирактагы соңку чабуулдардан кеминде 25 адам мерт болду

Ирактын батышындагы Аль-Амирия шаарында жанкечтинин автоунаа жардыруусунан кеминде 15 адам тындым болду. Андан мурдараак Багдадда ирак полициясы бир жанкечти аялды атып өлтүргөн. Мындан сырткары Аль-Халис шаарында 6 полициячы жана Багдаддын айланасындагы чабуулдарда дагы 4 киши өлтүрүлгөн.