ЖЕКЕ КУРАЛДАРДЫ КИМДЕР АЛУУГА АКЫЛУУ?

Бириккен фронттун штабынын жетекчиси, генерал- майор Өмүрбек Субаналиевдин эки жан сакчыларынын мурда сыйлыкка алган куралдары - Макаров тапанчалары Ички иштер министринин буйругу менен кайтарылып алынды. Мындай сыйлыкка алынган же тартууланган куралдарды кимдер алалат? Аларды өкмөт кандай учурда кайра алууга укуктуу? Эгемендүү өлкө болгону куралдуу күчтөрдүн, улуттук коопсуздук комитетинин жана ички иштер министрлигинин канча кызматкери сыйлыкка жеке курал алышкан?
Жеке куралдарды же болбосо ок атуучу кыска сайлуу тапанчаларды куралдуу күчтөрдүн, аскер уставы боюнча жогорку кол башчысы ыйгарууга укуктуу. Кыргызстандагы дициплинардык уставдын сыйлоо деген беренесинде өлкөнүн коопсуздугун сактоодо өтө артыкчылык каармандыгын, эрдигин көрсөтүп же болбосо атайын мамлекеттик тапшырманы аткаруудагы күжүрмөндүүлүгүн көрсөткөн аскер, коопсуздук, укук коргоонун офицер кызматкерлерине гана берүүгө уруксаат.

Мындай жеке куралдар менен Ички иштер министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, өлкөнүн коргоо министри жана адилет министри өзгөчө тапшырмаларды аткарып, каармандык көрсөткөн офицердик чиндеги кызматкерлерин атайын буйруктун негизинде сыйлоого укуктуу.

Ошондой эле мамлекет жетекчиси, башкы командачы болгондуктан өзүнүн буйругу менен министрлерди, облус губернаторлорун же райондук акимдерин дагы жеке курал менен сыйлоого акылуу. Жогорку кеңештин мурдакы мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна ылайык парламент депуттаттары дагы жеке курал алып жүрө алышат.

Эгерде мыйзамга ылайык жеке курал менен сыйланган офицер же кызматкер кылмыш жообуна тартылса, тергөө учурунда мурдакы жеке куралын өткөрүп берүүсү зарыл.

Кыргызстанда канча офицер, генерал, депутат жана мамлекеттик ишмер жеке курал алып жүргөнүн так билүүгө мүмкүн эмес. Себеби, өлкөнүн коргоо, ички иштер, адилет министрлиги жана улуттук коопсуздук кызматы мындай маалыматты берүүдөн баш тартышып, аны жашыруун сыр катары сыпатташты.

Аскер эксперти Токтогул Какчекеевдин айтымында күч министрликтин көбү айрым учурда кылган кызматына, каармандыгына карабай жеке куралдар менен татыксыз кызматкерлерге дагы тартуулап, курал алып жүргөндөрдүн саны арбып баратат. Жеке курал менен сыйлануунун баркы кетип, тааныш –билиштик менен алып жүргөндөр да бар. Мунун зыяндуу жагы айрымдар куралды кызматынын мартабасы катары чакча же буюм сыяктуу алып жүрүшөт. “Куралды сактоонун эрежелерин так, туура аткарбагандыктан айрымдар уурдатып, же балдары алып кылмыш кылган коркунучтуу жагдайга алып келет. Кылмыш логикасы боюнча канчалык курал көп болсо, кылмыштуулук ошончо көп катталат”,- дейт Токтогул Какчекеев.

Ички иштер министринин милдетин аткарып турган учурда Өмүрбек Субаналиев сакчылары Иличбек Самсалиев менен Эрнис Осмоналиевге жеке куралдарды Макаров үлгүсүндөгү тапанчаларды мыйзамсыз берген деген Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин буйругу менен алардын куралдары кайра тартылып алынган. Себеби, “Курал тууралуу” мыйзамдын алтынчы беренесинде жеке курал менен күч министрликтеринин офицер чининдеги кызматкерлери сыйланууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдирүүсүндө ошол учурда бул тармакта иштеген Иличбек Самсалиев менен Эрнис Осмоналиев милициянын офицери болушкан эмес.

Мындай пикирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, мурдакы Ички иштер министри Мурат Суталинов дагы билдирип, Өмүрбек Субаналиев эки сакчысын жеке курал менен мыйзамсыз сыйлаганын маалымат каражаттарына айткан.

Бириккен фронттун штабынын жетекчиси Өмүрбек Субаналиевге прокуратура кылмыш ишин козгоп, апрелдеги минтингди уюштуруп, массалык башаламандыкка жол берип, ички иштер кызматкерлерине материалдык - моралдык чыгым келтирген деген айып коюлганы менен ушуга байланыштырылып сакчыларынын куралдары алынган деген пикирлер да айтылууда. Өмүрбек Субаналиевден бул жагдай тууралуу пикирин билүүгө болгон аракетибизден майнап чыктады.

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде психикалык жактан оорубаган, ичимдикке берилбеген, баңги зат колдонбогон ар бир атуул жеке коопсуздугу үчүн курал сатып алууга аны алып жүрүүгө укуктуу. "Өзүмдүн коопсуздугум үчүн жеке курал алып жүрөм, президенттин буйругу менен курал менен сыйланган депутаттар арбын” дейт Өмүрбек Текебаев.

Оппозициялык маанайдагы депутаттардын айрымдары жеке курал алып жүрүшпөгөнүн, бирок сакчы жалдаарын парламент депутаты Осмон Артыкбаев билдирди. Ал эми орус армиясында 25 жыл кызмат өтөп келген запастагы полковник Тилек Кыдыралиевдин айтымында, өлкөдө аскер наамдары жана жеке куралдар тааныш - билиштик менен берилип, коррупция күчөгөн.