11:10 Парламент июнь айында алтын комиссиясынын ишинин жыйынтыгын карайт

Жалпысынан парламент жайкы эс алууга кеткенге чейин төрт ирте өкмөттүк күн өткөрмөй болду. Алардын катарында алтын маселесинен тышкары таза сууга, Канттагы цемент-шифер ишканасына, малдын ылаңына, өзгөчө кырдаалдар жана жер титиреген аймактардагы курулуштарга байланышкан маселелер бар. Буларды камтыган июнь айы үчүн күн тартибин парламент бүгүнкү отурумунда кабыл алды. (BuS)