Ошол эле учурда ар кандай чабуулдардан ушунча эле сандагы жайкын тургундар да ажал тапты. Багдадда АКШнын 4 жоокери курман болсо, Бакуба шаарындагы автоунаа жардыруу тогуз адамдын өмүрүн алды. Ушул эле шаарда жаңчылар автобуска кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылды. Ишемби күнү Иракта кагылышуулардан жети америкалык жоокер курман болгону маалымдалды.